Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюмунун (ЕККУ) Грекиядагы чогулушунда бүгүн Орусиянын Европалык коопсуздук боюнча жаңы планы талкууга алынууда.
Жыйындын ачылышында Грекиянын өкмөт башчысы Костас Караманлис ЭККУнун зарылдыгын мындайча баса белгиледи:
– Биз туш келген кыйынчылыктар - дагы көп иш алдыда экендигин биздин эсибизге салды. 1975-жылкы Хелсинки Корутунду Актында жана 1990-жылкы Париж Хартиясында таасын камтылган жалпы принциптерге жана эч бөлүнбөс коопсуздукка негизденип курулган бирдиктүү континент тууралуу түшүнүк алигиче жалпы Европа үчүн турмуш чындыгына айлана элек.
Уюмдун Корфу аралында өтүп жаткан жыйынында ЕККУнун маалымат катчысы Мартин Несирки орус президенти Дмитрий Медведевдин былтыркы «жаңы коопсуздук сунушу» бүт аймактагы коопсуздук маселелерин кайра карап чыгууга түрткү болгондугун билдирди.
ЕККУ ар кандай чечимди консенсуска негизденип гана кабыл алат, эгерде ЕККУнун кайсы-бир мүчөсү каршы чыкса, анда тийешелүү маселе боюнча чечим кабыл алынбай калат.