Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Президенти бийликтен кулатылган Гондураста нааразылык тутанды


Мындан улам эки суткага же 48 саатка коменданттык саат киригизүү жөнүндөгү чечимди аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен оодарылган Мануэль Селаянын ордуна мамлекет башчысынын милдетин утурумдук аткаруучу болуп дайындалган Роберто Мичелетти кабыл алды. Өлкө башкааласы Тегусигальпы шаарындагы президенттик сарайдын айланасында, кабарларга караганда, ок атышуулар орун алды. Борбордук Американын бул өлкөсүндөгү төңкөрүштү АКШ, Евробиримдик, Улуттар уюму, Венесуэла сындуу аймактагы өлкөлөр айыптады.

Гондурастагы төңкөрүш өлкөдө белгиленген жалпы элдик референдумдун жуп алдында болду. Референдумга Мануэль Селаянын президенттикке кайра шайлануусуна жол ачуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси коюлган болчу. Бирок президенттин оппоненттери муну бийликти ээлеп алуу аракети катары баалашкан.

XS
SM
MD
LG