Наристелердин торолуп өсүшү үчүн керектүү витаминдерге бай, тамакка кошумча бул зат 6 айдан баштап 2 жашка чейинки балдар үчүн таркатылып жатат. Улуттар уюмунун балдар корунун (ЮНИСЕФ) маалымдашынча, былтыр Таласта алты айдан үч жашка чейинки балдар арасында аз кандуулук менен ооругандар 71,9 пайызды түзгөн. Беш жашка чейинки балдар арасында бойлору кичинекейлер да аталган аймакта көп. ЮНИСЕФтин өкүлү Ольга Гребенникованын “Азаттыкка” маалымдашча, бул иш-чараны аталган эл аралык уюм менен АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору менен биргеликте уюштурулуп жатат жана баасы 300 миң долларды түзөт. Таластан кийин бул долбоор Кыргызстандын калган аймактарына таркатылмакчы. (EBM)