Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Кыргыз-немис-франсуз эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды


Фестивалда Өзбекстандык кинорежиссер Шухрат Каримовдун “Светофор” деген аталыштагы кинотасмасы калыстар тобу тарабынан жактырылып, эң башкы байге 1 миң евро ыйгарылды. Экинчи орунга Казакстандык режиссер Дамира Тилепбергенованын “Жандуу” тасмасы татыктуу болуп, “50 сом” аттуу тасмасы үчүн кыргызстандык жаш режиссер Санжар Абдыжапаров фестивалдын диплому менен сыйланып, төртүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз киночулар биримдигинен кабарлашты.

Кыргыз-немис-франсуз эл аралык кинофестивалы Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында ачык асман астында 24-июнда башталып, жекшембиде соңуна чыкты. СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев калыстар тобуна төрагалык кылган. Бишкекте кыргыз-немец-француз эл аралык кинофестивалы үчүнчү ирет өткөрүлдү. (AJ)

XS
SM
MD
LG