Жаштар департаментинин жетекчиси Айдар Жоробековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, комиссия курамына мамлекеттик органдардын мүчөлөрү менен бирге жарандык коомдун өкүлдөрү да кирет. Бул топ жаштардын коомду өнүктүрүүгө арналган долбоорлорун сынак аркылуу тандайт. Коом үчүн өтө пайдалуу деп табылган долбоорлорду мамлекет каржылайт, дейт А. Жоробеков. Чолпон-Ата шаарында 6-июнда өткөн жаштардын форумунда президент Курманбек Бакиев жаштардын долбоор, программаларын каржылоого кийинки жылы 50 миллион сом бөлүнөрүн айткан. (EBM)