Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Ирандын Сакчылар кеңеши добуштардын бир бөлүгүн кайра санай баштады


Ал-Алам мамлекттик каналы Тегерандын 22 чөлкөмүндө жана айрым облустарда президенттик шайлоонун бюллетендери саналып жатканын маалымдады. Канал ошондой эле шайлоодо утулуп калган эки талапкер Мир Хоссейин Мусави жана Мехди Карруби кеңеш түзгөн коммиссияга өз өкүлдөрүн сунуш кылышкан жок деп билдирди. Сакчылар кеңеши жалпы жонунан добуштардын 10 процентиндейин кайра санап чыгууга буйрук берген. Бирок оппозиция шайлоо мыйзам бузуулар жана бурмалоолор менен коштолду деп, добуш берүүнү кайра өткөрүүнү талап кылууда. Телеканалдын маалыматына ылайык, санактар бүгүн даяр болуп, анын жыйнытыктары 24 сааттын ичинде жарыяланмакчы. Сакчылар кеңеши 12-июнь күнкү президенттик шайлоо Ислам революциясынан кийинки эң таза шайлоо болду деп сыпаттаган. Аны расмий жыйынтыктарга ылайык, президент Махмуд Ахмадинежад жеңди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG