Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик түзүлөт


Премьер-министр Игорь Чудинов бул тууралуу Женевада Борбор Азиядагы уран калдыктарына арналган эл аралык жыйында билдирди. Өкмөт башчы уран калдыктары сакталган жерлерди көзөмөлдөп туруу үчүн жылда мамлекет каражат бөлөрүн, бирок эл аралык коомчулуктун жардамысыз бул меселени чече албасын билдирди. Донорлордун жардамы менен уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча улуттук жана аймактык долбоорлорду тезинен ишке ашыруу керектигин баса белгиледи. Кыргызстанда азыр мындай долбоорлор Кажы-Сайда, Миң-Кушта, Ак-Түздө, Орловкада жана башка аймактарда ишке ашырыла баштаганын маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG