Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Ала-Букада чек арачы жоокер ок жеп каза болду


Кыргыз чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Досназар Абдилазизовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, окуя бүгүн түнкү саат он экилер чамасында Ала-Букадагы “Май” деп аталган чек ара күзөт бекетинде болду. Айылдын ичинде жайгашкан бекетте күзөтүп турган катардагы жоокер Дөлөт Бекбай уулун белгисиз бирөөлөр дарбазанын сыртынан атып кетишти. Оң бутунан жарадар болгон жоокер Ала-Бука районундук ооруканадан каза тапты. Ким ок чыгарганы азырынча белгисиз, окуя болгон жерге Чек ар кызматынын төрагасы Токон Мамытов жөнөп кетти, дейт Д. Абдилазизов. (EBM)

XS
SM
MD
LG