Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Ошто кыргыз-өзбек күч структуралары жолугушту


Президенттер Курманбек Бакиев менен Ислам Каримовдун тапшырмасы боюнча жума күнү эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоо жана позитивдүү өнүктүрүү багытында кыргыз-өзбек күч органдарынын жетекчилери жолугушту. Ага ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, коопсуздук комитетинин төрагасы Мурат Суталинов, Өзбекстан тараптан ички иштер министри Бахадыр Матлюбов, башкы прокурор Рашиджан Кадыров, коопсуздук комитетинин төрагасы Рустам Иноятов катышты. Жолугушууда улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, диний экстремизм жана террорчулукка, баңги заттарын сатууга жана ташып өтүүгө каршы күрөшүү, кармалган кылмышкерлерди өз мамлекетине өткөрүп берүү, чек арадагы проблемаларды чечүүгө байланыштуу маселелер боюнча макулдашууга жетишти. Кийинки жолугушуу 27-июнда Өзбекстандын Ханабад шаарында өтүп, анда Ош шаарынын, Жалал-Абат, Баткен, Ош облустарынын прокурорлору, ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери менен чек аралаш Өзбекстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү биргелешип кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук жайлардын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу багытында талкуу жүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG