Нарын районундагы Жылан-Арык айылында «Кардиологиянын актуалдуу суроолору» аттуу конференция профессор Зулпукар Кудайбердиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлдү. Нарын облустук Миррахимов атындагы жүрөк кан- тамыр оорулар борборунун жетекчиси Кайыпбек Кадыралиев мындай айыл алкагындагы конференция кыргыз мамлекетинин тарыхында алгачкы жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, бир күндүк жыйындын ишине айылдык врачтык-фельдшерлик деңгээлдеги облус алкагынан 60 дарыгер катышкандыгын билдирди. Улуттук кардиология жана терапия борборунун деректири Айнагүл Жумагулованын айтымында республикада бир миллиондон ашуун адам кан басымы менен жабыркашат. Ушул эле күнү профессор Зулпукар Кудайбердиевдин ысымы Жылан-Арык айылдык эмканага берилди. (KUs).