Райондогу 1-Май чек ара бекетинин жоокери Бекбай уулу Дөөлөт Ала-Бука аймактык ооруканасында жатып, 29-июнда каза болду. Ушу тапта өлүкканада дарыгерлер анын денесин жарып - көрүшүүдө. Мындай маалымат бүгүн облустук ички иштер башкармасынан алынды. Маалыматка ылайык, 29-июнга караган түнү ал күзөттө турган. Түнкү саат 12ден 15 мүнөт өткөндө белгисиз тараптан атылган ок анын оң бутуна тийип, жоокер райондук ооруканага жеткирилген. Ооруканада ага тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан октун кайдан атылганы изилденүүдө. Окуя боюнча « Азаттык» кайрылган облустук жана Ала-бука райондук бийликтери менен аймактык оорукана эч кандай маалымат бере алышкан жок. (YA)