Мындай маалыматты «Азаттыка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Ж. Аширбаевдин белгилешинче, белгисиз куралчан адамды атайын даярдыктагы жоокерлер эки күндөн бери издеп, бүгүн Кош-Коргон айылынын четиндеги токойдон табышкан. Белгисиз куралчан милицияга каршылык көрсөтүп, граната жардырууга үлгүргөн. Натыйжада жоокерлердин бирөө жаракат алган. Өзбекстандагы ислам кыймылынын мүчөлөрү деп шектелгендерден ушуну менен Кош-коргон айылында төртүнчү жоочу өлтүрүлүп, экөө колго түштү. Учурда күч органдары дагы бир жоочу болушу мүмкүн, деп жоромолдоп, айыл четиндеги токойду дыкат көзөмөлгө алып, издөө иштерин күчөтүштү. (JA)