Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Өзбекстанда Кыргызстандын ондон ашуун жараны кармалып турат


Бул тууралуу “Азаттыка” “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова билдирди. Анын айтымында, май айынын соңундагы Анжиян жана Ханабаддагы окуялардан кийин ондон ашуун кыргыз жарандары Өзбекстанда кармалып, алар учурда Коргон-Төбө, Анжиян, Пахта-Абад райондук милициясынын абагында турушат. Аларды бошотуу, адвокат менен камсыздоо максатында “Кылым шамы” уюму Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жана Өзбекстандын элчилигине кайрылууну даярдап жатат.Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов кармалган жарандарга байланыштуу маселелер 26-июнда Кыргызстан менен Өзбекстандын күч структураларынын жетекчилеринин жыйынында талкууланганын жана маселени чечүүгө жол ачылганын билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG