Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Ооган президенти Кандагардагы кандуу окуя үчүн АКШ үчүн иштеген сакчыларды айыптады


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Кандагардагы кагылышта провинциянын полиция башчысы менен катар полициянын төрт офицери каза тапкан. Мындай жыйынтыкка алып келген атышуу АКШ баштаган коалициянын күчтөрү үчүн иштеген ооган сакчылары Кандагар провинциясынын прокурорунун кеңсесине алынып келинген адамды камактан бошотуу аракети менен кирип барганда тутанган. Президент Хамид Карзайдын талабынан кийин Кандагардын губернатору бул кандуу окуяга тиешеси бар деп шектелген 41 сакчы камакка алынып, Кабулга жөнөтүлгөнүн билдирди.

АКШ армиясынын өкүлүнүн айтымында, америкалык күчтөрдүн эч бир бөлүгүнүн бул инцидентке тиешеси жок.

XS
SM
MD
LG