Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Иракта АКШ аскерлеринин шаарлардан чыгуусу бүгүн аяктайт


Америкалык аскерлердин быйылкы жылдын 30-июнуна карата шаарлардан чыгуусу Ирак жана АКШ өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн коопсуздук келишиминде каралган, аталган келишим ошондой эле америкалык аскерлердин өлкөдөн 2012-жылдын башына карата кетүүсүн да талап кылат. Кечээ АКШ аскерлеринин акыркысы башкалаа Багдаддан кеткен соң, шаарда Ирак аскерлеринин парады өттү. Премьер-министр Нури ал Малики 30-июнду, “Улуттук суверенитет күнү” жана жалпы элдик майрам катары жарыялады. Өкмөт бүгүн майрамдык салтанаттарды өткөрүүнү пландоодо.

Вашингтондон Пентагондун маалымат катчысы Брайан Уайтмандын билдиргенине караганда, АКШ бүгүнкүгө карата Ирактагы аскерий базаларынын менен жайларынын 120сын жапты же аларды жергиликтүү күчтөргө өткөрүп берди. Бүгүн да мындай жайлардын 30ун жабат же өткөрүп берет.

XS
SM
MD
LG