Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Президенттикке талапкер А.Атамбаев билдирүү таратты


Президенттикке БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев мекендештерине кайрылып, ага карата бийликке кошомат кылган ыймансыз адамдар тарабынан ыпылас маалыматтык чагым жүрүп жатканын белгилеп, ичимдик ичип шайлоочулар менен жолугушту деген маалымат карандай калп экенин билдирди. Анын айтымында, калк арасында үй-бүлөлүк башкаруу режиминен кутулуу идеясы күч алып баратканынан улам эки жүздүү адамдар ага каршы ар кандай ушак-айыңдарды таратып, атайын ушакчыларды жалдап, жаңы тукурук уюштурууга камданышууда. “Биз алардан коркпойбуз. Биринчи жолу оппозиция бирдиктүү талапкер менен президенттик шайлоого чыкты дешип коркуп жатышат. Алар мени шайлоочулар менен жолугушуумду үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышып, чындыктан, бизден коркуп жатышат. Мамлекет жана чиновниктер карапайым калк үчүн кызмат кылууга милдеттүү”,-деп айтылат билдирүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү А.Атамбаевге шайлоо алдында эч кандай тоскоолдуктар болбогонун айтышса, айрым бийликчил талдоочулар СДПнын ич ара ыркы кеткенин белгилешүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG