Өткөн аптада Москвада социалисттик багыттагы солчул партиялардын 28 өлкөдөн келген өкүлдөрүнүн жыйыны болду. Ага “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Эркин Алымбеков жана Койсун Курманалиева барып катышып келди. Бул тууралуу “Ата Мекендин” Нарын облусу боюнча координатору Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда социалисттик багыттагы солчул партиялардын жыйынына Социалисттик интернационалдын төрагасы Аяло катышып, анда социалисттик партиялардын багыттары мындан аркы иш аракеттери тууралуу маселелер козголгон. “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен “Справедливая Россия” партиясынын лидери Сергей Миронов жаңы кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшкан. (AJ)