Бул тууралуу билдирген Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Биринчи май райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун административдик жазага тарткан чечимин Жогорку Сот жокко чыгарды. Үстүбүздөгү жылы 18-мартта өкмөт үйүнүн жанында Аксы окуясын эскерүү боюнча митинг-реквием өткөрүлүп, акциянын катышуучулары Топчубек Туругуналиев, Төлөйкан Исмаилова жана Анвар Артыковду милиция кызматкерлери кармап кетишип, Биринчи май райондук соту аларды “Ички иштер кызматкерлеринин талаптарына баш ийген эмес”, деп административдик жазага тарткан. Т.Тургуналиев менен Т.Исмаилова райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна доо арыз жолдогон. Шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган болчу. (AJ)