Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Жалал-Абат облусунда сууга чөккөндөр изделүүдө


Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, куткаруучулар издөөнү бүгүн Нарын дарыясы менен Кара-Дарыя суусунда улантууда. Азырынча сууга чөккөндөр табыла элек. 27-июнда Кара-Дарыя суусуна Өзгөн районунун 29 жаштагы тургуну түшүп кеткен. Туугандары аны таап берүүнү өтүнүп, министрликке кайрылышкан. Министрликтин коомдук кабылдамасына арызданган оштук үй-бүлө жакыны 10- апрелде Нарын дарыясына аккан бойдон дайынсыз экенин билдиришкен. Алардын издөөлөрүнөн натыйжа чыккан эмес. Өткөн айда облустун үч тургуну Көк-Арт жана Кара-Үңкүр дарыясына чөгүп кетип, алардын бирөөсүнүн денеси табылып, 3 жана 14 жаштагы балдар табылбай калган. (YA)

XS
SM
MD
LG