Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Өзгөндө өлтүрүлгөн жоочулардын өнөктөштөрү кармалды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалгандардын бирөө Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык адам. Анын жанынан экстремисттик мүнөздөгү аудиоматериалдар жана граната табылган. Пакистандагы террористтик борборлордон машыгуудан өткөнү маалым болгон. Кармалган дагы эки адам кыргызстандык жарандар экени аныкталды. Бирөө чет жердеги жоочулар менен байланыш түзүп турган, экинчиси мыйзамсыз паспортторду жасоо менен алектенген. 27-июнда кечке маал Өзгөндүн Кош-Коргон айлында коопсуздук кызматы үч жоочу өлтүрүп, экөөнү колго түшүргөн. Кечээ дагы бирөө кармалган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG