Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Жарандык уюмдар биримдиги шайлоо алдында иликтөөсүн жарыялады


“Менин тандоомдун мезгили” деген аталыштагы шайлоочулардын укуктары үчүн жарандык коомдордун биримдигинин иликтөөсүндө шайлоо алдында саясий айдыңды тазалоо багытында репрессиялык ыкма менен “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, экс-министр Аликбек Жекшенкулов, жергиликтүү кеңештин депутаты Сапар Аргынбаевдин камакка алынышы бир катар жарандардын жана укук коргоочулардын бийликтин азыркы системасына ишенимин жоготууда, деп айтылат. Ошондой эле иликтөөдө сөз эркиндиги жана маалымат алуу өлкөдөгү учурдагы абалга салыштырмалуу эл аралык нормаларга жооп бербестиги, көз карандысыз журналисттерди сабап кетүү, теле берүүлөрдөн саясий программалардын алынышы, “Азаттык” үн алгысынын жыштыктардан чектелүүсү белгиленген.

Шайлоочулардын укуктары үчүн жарандык коомдордун биримдиги Шайлоо Кодексиндеги айрым өзгөртүүлөргө дагы өзүнүн баасын берип, шайлоо алдында президенттикке талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй, жеке адам үчүн административдик ресурстар катуу колдонулуп, СДПнын мүчөлөрүнө жана тарапкерлерине кысым күчөгөнүн, участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдө мыйзам бузууларга жол берилип жатканын билдирди.

“Менин тандоомдун мезгили” БШК, ИИМ жетекчилерине, Башкы прокурорду президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринде бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүүгө жана мыйзамдуулукту сактоого чакырды.

Ал эми БШКнын төрагасы Дамир Лисовскийдин билдиришинче, шайлоого баланыштуу иш чаралар мыйзамдын чегинде Шайлоо Кодексинин алкагында жүргүзүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG