Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Йемен аба жолдоруна таандык учак бүгүн эртең менен Индия мухитине кулап түштү

Airbus-310 учагы Йемендин баш калаасы Санаадан Комор архипелагынын борбору Морониге бараткан. Анын бортунда 153 киши бар болчу. Куткаруучулар бир нече дене табылганын маалымдашты. Учактын калдыктарын издөө иштерине франциялык аскерий 2 учак жана 1 кеме тартылды. Кырсыкка учураган Airbusта негизинен франциялык жана коморолук жарандар бараткан. Франциянын унаа министри Доминик Бүссеронун айтымында, учактын кыйрашына аба ырайы себеп болгон өңдөнөт.
XS
SM
MD
LG