Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:23

Кыргызстанга “Трансперенси Интернешнл” уюмунун өкүлү келет


Коопсуздук кеңешинин төрагасы Адахан Мадумаровдун чакыруусу менен аталган эл аралык уюмдун башкармалыгынын төрагасы Угетт Лаббель 2-июлда Кыргызстанга иш сапар менен келет. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, сапарынын жүрүшүндө У. Лаббель Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик кызматкерлер менен жолукмакчы. Анда өлкөдө паракорчулукка каршы күрөшүү боюнча жасалып жаткан иш-аракеттер талкууланат. “Трансперенси Интернешнл” уюмунун өткөн жылкы баяндамасында Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 180 мамлекеттин ичинен 166 орунду алган. Эки жыл мурун 157 орунда эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG