Мындай маалымат премьер-министр Игорь Чудиновдун катышуусу менен кечээ өткөн Эл аралык экономикалык форумдун акырында белгилүү болду. Ага негиз берген программалык документке кечээ кол коюлду. Анда Швейцария Кыргызстанда сооданы өнүктүрүү үчүн грант түрүндө бир миллион сегиз жүз миң доллар каражат берери, ал каражат орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүү, кийим тигүү жана жеңил өнөр жайын көтөрүп, анын атаандаштыкка туруштук берүү абалын жакшыртууга жумшалат деп айтылат.Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов андан тышкары чакан жана кичи ГЭСтерди курууга инвестиция салуу маселесин Швейцариянын Конфедерациясынын башчысы, Каржы министри Ханс-Рудольф Мерц жана Тышкы иштер министри Мишлен Кальми-Ре менен сүйлөшүүлөрдө көтөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча сүйлөшүү маалында өкмөт башчы Швейцарияга кирүү үчүн кыргыз жарандарына шенген визасын ачууга уруксаат берүү өтүнүчүн билдирди.(BD)