Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусия менен Грузия бүгүн коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүүсү керек


Женевада өтүүчү сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы эки тараптын мамилелери чыңалган учурга туш келди. Азыркысы - жолугушуунун алтынчы айлампасы. Сүйлөшүүлөр БУУ, ЕККУ, Евробиримдиктин ортомчулугу астында өтүп, ага АКШнын жана Грузия жикчил аймактары катары санаган Абхазия менен Түштүк Осетиянын өкүлдөрү да катышып келүүдө.

Мунун алдында кечээ Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму Грузиядагы миссиясын расмий жапты. Ал миссия Түштүк Осетияда Орусия менен Грузиянын августагы былтыркы согушуна чейин иштеп келген.

Кечээтен тарта ошондой эле Абхазиядан БУУнун байкоочулары чыга баштады. Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган Орусия бул эки миссиянын тең мандаттары узартылышына каршы чыкты.

Орусия учурда Грузия менен чектеш аймактарында ири аскерий машыгуу өткөрүүдө. Расмий Тбилиси бул машыгууну “айдан –ачык чагым” деп атады.

XS
SM
MD
LG