Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Президент салыкчыларды натыйжалуу иштөөгө чакырды


Мамлекет башчы Курманбек Бакиев мындай милдетти бүгүн салыкчылардын кесиптик майрамына арналган жыйында коюп, жакшы көрсөткүчтөргө карабастан акыркы натыйжа үчүн иштөө зарылдыгын билдирди. Ал койгон милдет боюнча салык алуу адилет, ыңгайлуу жана түшүнүктүү болушу керек. Ал үчүн салык жыйноо системасын реформалоо жакшы жүргүзүлүшү жана мыйзамдар жакшы даярдалышы шарт. Жыйында айтылган маалыматка караганда, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 185 миллиард сомдон ашты. Бул 2005-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки жарым эсеге, СССР мезгилинде салык көп жыйналган 1991-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 4,6 пайызга көп. Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы Ахматбек Келдибековдун билдирүүсү боюнча, быйылкы алты айдын ичинде мурда белгиленген ченемден 2 миллиард 100 миллион сомдук салык көп жыйналды.(BD)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG