Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

БШК президенттикке талапкерлердин чыгымын эсептеди


БШК бүгүн жарыялаган маалыматка караганда, президенттик жарышка түшкөн алты талапкердин ичинен эң көп каражатты -14 миллион 705 миң сомду азыркы президент Курманбек Бакиев жумшады.Андан кийинки орунда 4 миллион 488 жарым миң сомун короткон Алмазбек Атамбаев турат. "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев 295 миңден ашык сом коротсо, нарколог Жеңишбек Назаралиев 422 миң сомду жумшаган. Шайлоо өнөктүгүнө эң аз каражатты Токтайым Үмөталиева менен Нурлан Мотуев коротушкан. Алардын чыгымы 300 миң сомго жеткен жери жок. БШКнын маалыматы боюнча К.Бакиевдин шайлоо корундагы акчасынын көбү оюла элек. Анткени анын фонду 35 миллион 538 миң 500 сомду түзгөн.(BD)

XS
SM
MD
LG