Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

Чек арадан кармалган кыргыз жараны Өзбекстанда соттолгон жатат


Өзбекстандын Коргон-Төбө райондук соту чек арадан кармалган кыргыз жараны Убайдылла Миталиповдун ишин 2-июлда карап, ага мамлекеттик чек араны бузган деп айып тагаары күтүлүүдө. Бул туурасында кармалган жигиттин ата-энесине таянып, Өзгөндөгү Төрт-Күл айыл округунун башчысы Муратбек Кыргызбаев «Азаттыкка» кабарлады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев кыргыз жаранынын үстүнөн кылмыш иши козголгондугун ырастап, учурда аны бошотуу аракети жасалып жаткандыгын маалымдады. Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын 31 жаштагы тургуну Убайдылла Миталипов 2-июнь күнү жоголгон малын издеп жүрүп, өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. (ATo)

XS
SM
MD
LG