Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Шайлоого үгүт иштери жүрүп жатат


Бүгүн президенттикке талапкерлердин бири Токтайым Үмөталиева Чүйдүн Москва, Жайыл, Панфилов райондорунда шайлоочулар менен жолугушат. Түштөн кийин Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардын тургундарына өзүнүн президенттик программасы тууралуу айтып бермекчи. Талапкердин борбордук штабынан “Азаттыкка” маалымдашкандай шайлоочулар менен жолугушуулар эч кандай тоскоолдуксуз өтүп жатат. Дагы бир талапкер Темир Сариев Ош жана Жалал-Абат облустарындагы шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жөнөп кетет. “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы өткөн жумада Ысык-Көл, Нарын облустарында жолугушууларын өткөрүп келген. Партиянын жаш канатынын мүчөлөрү, аларды колдогон жаштар Бишкекте Темир Сариевдин талапкерлигин үгүттөп, жөө жүрүштөрдү уюштурушууда. Бул тууралуу талапкердин Бишкектеги штабынан билдиришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG