Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Бүгүн спорт журналисттеринин эл аралык ассоциациясынын күнү


Аталган ассоциация 1924-жылы түзүлгөн. Кыргызстан ага 1995-жылдан бери мүчө. Кыргызстандык спорт журналисттери ассоциациянын жыл сайын өткөрүлүүчү конгрессине барып турушат. Быйыл май айында Италиянын Милан шаарында өткөн конгресске кыргызстандык спорт баяндамачылары Табылды Асыгалиев менен Вячеслав Аникин барып келишкен.
Кыргызстанда “Байге” аттуу спорт басылмасы каражат жоктугунан чыкпай калган, андан кийин “Спортивный Кыргызстан” деген гезит бир жыл чыгып, каражаттын тартыштыгынан ал да жарык көрбөй калган. Ушул тапта кыргызстандык спорт күйөрмандары үчүн “Sport.kg” интернет баракчасы иштеп жатат. Өлкөдө спорттук баяндамачыларды даярдаган жогорку окуу жайы жок. Ар жыл сайын Кыргызстандын спорт журналисттери федерациясы спорттук баяндамачы Е. Марченкону эскерүүгө арналган кичи-футбол мелдешин өткөрүп турат. Быйылкы мелдеш 5-июлда болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG