Бул тууралуу Билим министрлигинен билдиришти. Борборлор “Айылдагы билим берүү” долбоорунун алкагында ачылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланды. Ресурстук борборлор заманбап компьютерлер менен жабдылып, мугалимдерге керектүү окуу куралдары менен камсыздалган. Бүгүн Ысык-Көл жана Таластагы ресурстук борборлордун ачылыш аземи өтүп, ага министрликтен, айыл өкмөтүнөн өкүлдөр катышышты. (EK)