Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Назым Аббасовдун "Ойдиной" тасмасы Инсбрукта сыйлык алды


Маржан Шавкатова Ойдинойдун ролунда
Маржан Шавкатова Ойдинойдун ролунда

Инсбрук калаасындагы Азия, Африка, Латын Америкалык кино тасмалардын 18-кино кароосунда өзбекстандык режисердун тасмасы атайын сыйлыкка татыктуу болду. Кино өнөрү канатын кенен жая албай, кысылып калган өлкө үчүн бул олуттуу окуя катары бааланууда. Бирок өкмөттүн акчасына тартылган "Ойдиной" фильми эмне үчүн Өзбекстандын өзүндө кеңири прокатка чыкпайт?

Ойдиной окуганга куштар. Күндө мептекке алышат деп кыялданат. Бирок ага уруксат жок, себеби жашы болгону беште. Бул тамсил-тасманын башкы каарманын аткарган Маржан Шавкатова "Инссбрук" фестивалында эң мыкты актриса деп табылып, 500 евро сыйлыкка татыды.Сыйлыкты өз колу менен алган режисер Назым Аббасов кубанганын жашырган жок:

- Мен курсантмын. Ойдиной кызым ишке жарады. Колумда бир тыйын жок эле. Фестивалга Африкадан, Мексика, Латын Америкасынан кинолор болду. Жолго акчаны тааныш-билиштер топтоп беришти. Бир гана Ойдинойду жүрөгүмдүн толтосуна катып алып баргам. Кыздын жолу ачылсын, ажайып кыз.

Ойдиной кыйын бийлейт, скрипкада ойнойт, татынакай куурчактарды жасайт. Бирок мектепке бара албагандыктан көңүлү чөгүп, түнт болуп кетти. Бакырайган чоң көздөрүнүн түпкүрүндө терең бир кайгы чөгүп жаткандай.

Аббасов азыр жети жашка караган Ойдиной аркылуу Өзбекстан тууралуу көз карандысыздыктын алгачкы жылдарындагы бейкүнөө, үмүткөр, назик сезимдерди билдиргиси келгендигин белгилейт.

Аббасовдун атасы Шухрат Аббасов «Өрттүү жолдор» деген коммунист Хамза тууралуу 17 сериялуу атактуу советтик фильмди тарткан режиссер. Өзү киного кийин гана аралашты, жаш кезинен сүрөт тарткан. Сүрөт тарткандан киного эмне үчүн өттүңүз деген суроого ал мындайча жооп берди:

– Сүрөт тартканда көп болсо эки-үч сүрөт тартышың мүмкүн. Ал эми кино тасмада миллион сүрөт тартасыз, себеби бир тасмада миллион кадр бар да. Кинонун мүмкүнчүлүктөрү зор. Курулушчу Сергей Параджанов эмнеге киного келди, же сүрөтчү Рустам Хамдамов киного эмнеге келди? Себеби бир жылда миллион сүрөт тарта албайсың. Ал эми Ойдиной менен миллион сүрөт тартылып калды.

Феллини сыяктуу эле Ойдиной да чет жактарда таанылып, көп сыйлыктарды ала тургандай. Бирок Өзбекстандын өзүндө Феллини эч качан кеңири прокатка чыккан эмес. Идеологиялык себептерден тышкары байкоочулар азыр кино көрсөтүш акчага байланыштуу болгондуктан, акча «туубаган» мазмун-маңыздуу тасмаларга жол жабылып калган.

Аббазовдун Австриядагы сыйлыгы тууралуу анын устаты Москвадагы кинемотография институнда окуткан жана Тарковский сыяктуу атактуу орус киночуларында көркөм режиссер болгон Шавкат Абдыкасымов бизге буларды билдирди:

- Мен Аббасов жөнүндө жакшы гана ойду айталам. Анын чыгармачылыкка кайтып келгени ырас болду. Кантсе да ушундай ийгилик алып келген филм тарта алды. Аббасовдун өзү айтканы бар: «Инжилде Иисус Христосту эч качан сатпаган Якубдай, шатынын эң акыркы тепкичине чейин чыгыш керек, өйдө кете бериш керек».

Ал эми Фергана.ру сайтынын окурманы Насым Аббасовго мындай баа берет:

«Саясатты кошпош керек эле, бирок ансыз болбойт. Аббасовдун Феллинисин көргөм, бул өзүнчө шедевр. Бул тасманы тез эле көрсөм экен. Аббасов бүгүнкү Өзбекстандагы эң таланттуу режисерлордун бири. Ал - өзбектин Тарковскийи. Юсуф Раззыков( өзбек режисеру), Марк Вайл (Ташкендеги Илхом театрынын негиздөөчүсү), жаш режисер Авлякули Кожокули, Аббасовдун катарына дагы кимди койсок болот? Бирок биздин өлкөдө тоталдык идеологиянын шартында таланттар быкшып калат. Балким бир гана поп-маданиятында бөлөкчө. Назымдын таланты да аз жерден ошентип быкшып кала жаздады.»

Аббасовдун "Феллини" аттуу тасмасы "Инсбрукта" 2002-жылы фестивалдын башкы сыйлыгын алган. Бул фестивалда 2004-жылы Кыргызстандан Эрнест Абдыжапаровдун "Саратаны" көрсөтүлгөн. Ал эми быйыл Борбор Азиядан дагы казакстандык Гүкү Оморованын "Биздин бийчи" деген тасмасы да көрсөтүлдү.
XS
SM
MD
LG