Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Amnesty International уюму Газадагы конфликттеги согуш кылмыштары үчүн Израилди жана «Хамасты» айыптап чыкты


Аталган уюм Газада үч аптага созулган согуштун кесепети тууралуу дыкат иликтөөсүн жарыялап, Израил жүздөгөн палестиндерди өлтүрүп, миңдеген үйлөрдү ойрон кылды деди. Ал Израилди адамдар жыш отурукташкан аймактарда оор артиллерияны, ак фосфорду, же алтын күкүрттү, колдонбогонго убада берүүгө чакырды. Amnesty International, андан сырткары, Палестинадагы «Хамас» тобун Израилге каршы ракета атканды да токтотууга чакырды. Буларды уюм «согуш кылмыштары» катары сыпаттады. Газадагы догдурлардын айтымында, атышууларда 1400 дөй палестиндик тургун набыт болгон.

XS
SM
MD
LG