Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Эл аралык базарда мунайдын баасы бир аз ылдыйлады


Нью-Йорктогу биржада кечээ кара майдын бир баррели 3 долларга жакын арзандап, 66 доллар, 73 центке сатылды. Бул - соңку бир айдагы эң төмөнкү баа. Мунайдын арзандоосу АКШ менен Европада жумушсуздук боюнча жаңы маалыматтар жарыяланган учурга туш келди. АКШда жарыяланган статистикалык маалыматка караганда, июнь айында өлкөдө 467 миң жумушчу орун кыскарган. Мунун менен жумушсуздуктун деңгээли 9,5 пайызды түзүп, 1983-жылдан берки эң жогорку чеккке чыкты.

Бул аралыкта Европанын статистикасы да еврону колдонгон 16 өлкөдө жумушсуздук деңгээли май айында акыркы он жылдагы эң жогорку чекке чыгып, 9,5 пайызды түзгөнүн көргөздү.

XS
SM
MD
LG