Барак Обама Орусияда 6-июлда башталуучу сапарын утурлай Ассошейтед пресс агенттиги менен маегинде белгилегендей, ал Орусия Кошмо Штаттар менен мамиле түзүүдө “кансыз согуштун эски ыкмаларын” артка таштоого мезгил келгенин түшүнүүсүн каалайт. Обаманын айтымында, ал Москвада бул оюн Орусиянын мурдагы президенти жана азыркы премьер-министри Владимир Путинге билдирмекчи. АКШ президентинин пикиринде, Путиндин бийликтеги таасири азыр дагы чоң жана Путин өлкөлөр ортосунда “иш жүргүзүүдө бир буту менен эски, экинчи буту менен жаңы жолду” карманууда.
Ал эми азыркы президент Дмитрий Медведев менен мамилелерди Барак Обама “эң жакшы” деп мүнөздөдү.
Мунун алдында кечээ орус президенти АКШ менен Орусия кызматташтыктын жаңы жолдорун таба аларына, эки тараптын бузула түшкөн мамилеси оңолоруна үмүттөнөрүн айткан эле.