Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Балыкчыдагы полигондо Канттагы аскер аба базасы аскердик машыгууларды өткөрөт


КР коргоо министрлигинен “Азаттыкка” тастыкташканы боюнча аскердик машыгууларды Орусиянын Канттагы аба базасы КР коргоо министрлигине тиешелүү аскердик бөлүктүн “Эдельвейс” полигонунда бомба таштоо жана аткылоо боюнча машыгуу өткөрөт. Министрликтин басма сөз кызматкери Автандил Эркинбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул обьект коргоо министрлиги тарабынан кайтарууга алынган жана ошондой эле элдүү пункттардан бир топ алыс жайгашкан. Ошондуктан, бул машыгуулардан адамдарга, мал-жанга зыян болбойт деп бекемдейт басма сөз кызматкери.(ZKo)

XS
SM
MD
LG