Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Биринчи Май райондук соту талапкер А. Атамбаевдин өкүлүнүн доо арызын карады


БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин штабы БШК Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларын кайра түзүүдө мыйзам бузган, деген доо арыз менен сотко кайрылган. Талапкердин ишенимдүү өкүлү, юрист Азамат Акматовдун билдиргени боюнча Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын мөөнөтү 9-июлда аягына чыгат. Анын белгилөөсү боюнча БШК бул комиссиялардын курамын кайра түзүүнүн ордуна, өз чечими менен алардын иштөө мөөнөтүн узартып, мыйзам бузууга барган. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү БШКнын аракетинде эчкандай мыйзам бузуу жоктугун билдирди. Кечээтен бери бул ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун чечими түштөн кийин чыгары күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG