Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Нарындын айрым айылдарында БЭКти колдоочуларга коркутуулар болууда


Мындай маалыматты "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Адылбек Эсенбеков бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, Нарын районундагы Дөбөлү айыл округунун башчысы Алыш айылына келип, “кимде ким Атамбаевди колдоп иштесе, алардын үйүнө наша ыргытсам дагы кестирип жоготом” деп элге кайрылган. Ушул эле райондогу Кара-Кужур айыл округунун башчысы Атамбаев тууралуу даярдалган гезитти элге бердирбей өзү алып алган. Бирок мындай кинелерге Нарын районунун акими Ишенбек Медетов макул эмес. «Айыл өкмөттөргө шайлоону мыйзам ченеминде өткөрүү жөнүндө көрсөтмө берилген.Эч кандай коркутуулар болгон жок. Кара-Кужурга барган гезитти таратуучу бала өзү таштап кетиптир»,- дейт Ишенбек Медетов. (KUs).

XS
SM
MD
LG