Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Сулайман-Тоого жергиликтүү тургундар көбүрөөк зыян келтирет


Бул тууралуу бүгүн Эстеликтер жана жергиликтүү кызыктуу жерлерди сактоо боюнча эл аралык кеңештин координатору Бакыт Аманбаева билдирди. Анын айтымында, Сулайман-Тоого үч топтогу адамдар келет. Биринчиси - тартиптүү туристтер, экинчиси, зыяратчылар. Бул эки топтон тең тоого зыян жок, бирок үчүнчү топко кирген Оштун тургундары тоо үчүн опурталдуу. Өзгөчө жаштар тоо бооруна жазып, таштагы байыркы жазууларды бузуп жатат. Б. Аманбаева Сулайман-Тоону кайтарууну жакшыртып, мал жайууну токтотуп, жанындагы бийик имараттардын курулушун көзөмөлдөө керектигин билдирди. Адисттин айтымында, тоонун азыр 20 гана пайызы колдонулуп жатат жана бул табият үчүн жакшы. Жыл сайын Сулайман-Тоого 70-80 миндей адам келет. ЮНЕСКОнун жакында өткөн жыйынындагы чечимге ылайык, Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурастардын катарына кошулган. (EBM)

XS
SM
MD
LG