Бүгүн Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында Кыргызстандагы жаштар уюмдарынын лидери, партиялардын жаштар канатынын өкүлдөрүнүн жыйыны болду. Анда президенттин алдында түзүлгөнү жаткан Координациялык кеңештин жобосу, ага түрдүү позициядагы өкүлдөрдүн катышуусу талкууланды. 2010-жылдын бюджетинен жаштардын долбоорлорун колдоо үчүн берилчү элүү миллион сомду бөлүштүрүү механизмдери, Жаштардын республикалык фондун түзүү маселелери козголду. Иш-чараны Жаштар департаменти уюштурду. Жыйын катышуучулары бул маселелерди дагы кеңри талкулоо үчүн келерки жумаларда да жолукмай болушту. (EBM)