Бүгүн Бишкек-Ош-Суусамыр унаа жолунун боюнда элдик балбан Кожомкул Каба уулунун айкелин орнотуу аземи өттү. Эстелик турган жерге балбанга арналган маданий-этнографиялык комплекс да ачылмакчы. Ага ылайык, унаа токтоочу жай, чакан мейманкана, жол жүргөндө керектелүүчү жана адеми буюмдар сатылган дүкөндөр курулат. Учурда мындай комплекстин эскиздик долбоору даяр. Кожомкул Каба уулу 1888-жылы Суусамырда туулган. Өзүнүн айкөл иштери жана карылуу күчү менен атагы бүтүндөй өлкөгө тараган. (EBM)