Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Лондон Ирандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди


Британиянын Ирандагы элчилигинин камакка алынган айрым кызматкерлери сот жообуна тартылат. Бул маалыматка байланыштуу Лондон терең тынчсыздануусун билдирди. Элчиликтин кызматкерлерине оппозициянын митингине катышкан деген айыптар коюлууда. Британ бийлиги Иран тараптан түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Ирандын Көзөмөлчүлөр кеңешинин билдирүүсүнө ылайык, камакка алынгандар өз айыптарын мойнуна алган. Буга чейин Британия камакка алынган 9 кызматкердин жетөө эркиндикке чыгарылганын маалымдаган болчу.

XS
SM
MD
LG