Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Нацисттик концлагердин мурдагы сакчысы Мюнхенде сот жообуна тартылат


Нацисттик концлагердин мурдагы сакчысы Иван Демянюк Мюнхенде сот жообуна тартылат. Германиянын прокуратурасынын ырасташынча, Демянюктун саламаттыгы анын соттук териштирүүлөргө катышуусуна тоскоол болбойт. Иван Демянюк Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында 29 миң жөөт туткундун өлүмүнө тийешеси бар деп айыпталууда. Мюнхен шаарынын прокуратурасы 89 жаштагы Демянюктун саламаттыгын эске алып, сот бир күндө эки жолу 90 мүнөттөн өтсүн деп чечти. Демянюк май айынын башында АКШдан Германияга депортацияланган.

XS
SM
MD
LG