Маалыматка караганда Кечээ Биринчи май райондук сотунда экс-министр Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу иш боюнча суралган Ильяс Абдукадыров аны милиция кызматкерлери башка ургулап, күч колдонуп, психологиялык кысым көрсөтүп, биринчи көрсөтмөсүнөн баш тартууга мажбур кылганын айткан. И.Абдукадыровго Таластагы түрк ишкеринин өлүмүнө катыштыгы бар делип шектелип айып тагылууда.
Ошондой эле А.Жекшенкулов Тышкы иштер министри болуп иштеп турганда министрликтин имаратын оңдоп-түзөөдө кытай грантын туура эмес пайдаланды деп айыпталып жаткан аны менен мурда иштеген эки кызматкер дагы, каалгаларды жана кавролинди алмаштырууга бөлүнгөн каражат мыйзамдын алкагында колдонулганын айтып, күнөөлөрү жоктугун билдирген.
“Реформа үчүн кыймылдын” лидери А.Жекшенкуловдун белекке алган тапанчасы 2007-жылы Таласта түрк ишкерине карата атылышы мүмкүн деген шек менен үстүбүздөгү жылы 9-мартта укук коргоо органдары тарабынан кармалып камакка алынган. (AJ)