Консвервативдүү маанайдагы саясатчы Хусейн Шариатмадари «Кайхан» деген гезитке жазган макаласында 12-июндагы президенттик шайлоодо оппозициянын атынан ат салышкан талапкер Мир Хусейн Мусавини «АКШнын тыңчысы» деп атап, шайлоодон кийин нааразылык өткөрүп, чыккынчылык кылганы үчүн соттолушу керек» деп билдирди. Шариатмандари өзү азыр Иранда эч кайсыл мамлекеттик кызматта иштебейт, бирок мамлекеттин руханий лидери Аятолла Али Хаменейинин жакын санаалашы катары белгилүү.