Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Иранда британ элчилигинин кызматкерине айып тагылды


Тегерандагы британ элчилигинин камакка алынган кызматкери Хусейн Рассамдын адвокатынын айтымында, Рассамга «улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген» деген айып тагылды жана жакынкы мезгилдерде соттолушу мүмкүн. Буга чейин элчиликтин эки кызматкери шайлоодогу тополоңдорду уюштурган деген кине менен соттолоору тууралуу ирандык динаятчылар айтышкан эле. Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Милибанд бул боюнча Тегерандан түшүндүрмө күтүп жатканын билдирди. Милибанд элчиликтин кызматкерлери эч кандай мыйзамсыз иштерге тартылбаганына толук ишенээрин жана алар азыр камакка алынышканына кабатыр экенин айтты.

XS
SM
MD
LG