Орус президенти Дмитрий Медведевге бул суроо менен италиялык журналисттер кайрылышкан. Президент ага жооп берип жатып, ЮКОС боюнча иште эч кандай саясий өңүтү жок деп билээрин айтты. Орусиянын бир убактары эң бай адамы Ходорковский «коз боемочулукка барып, салык төлөөдөн качкан» деп айыпталып, сегиз жылга түрмөгө кесилген. Азыр ага дагы башка айыптарды тагуу аракети көрүлүүдө. Ходорковский өзү бир да күнөөнү мойнуна албай, аны саясий себептер менен түрмөгө отургузушту деп ишенет.