Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:22

Марс Сариев: Шайлоо учурунда түштүктө коопсуздук маселеси курчуйт


Саясат талдоочунун “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө билдиргени боюнча президенттик шайлоо учурунда кыргыз бийлиги күч органдарын шайлоого байланыштуу негизинен өлкөнүн түндүк жагына кармайт. Айрым экстремисттик-террорчулук топтор бул учурдан пайдаланууга аракет кылышат, ошондой эле июль айынын ортосунан тартып Баткен облусу менен Тажикстандын Гарм районунун чектешкен аймагындагы ашуу ачылат, бул болсо террорчулар үчүн эң ыңгайлуу, тоолуу аймак, дейт саясат талдоочу.
Июнь айынын аягында Кыргызстандын түштүгүндө Коопсуздук кызматкерлеринин аракети менен бир нече террорчу жок кылынып, айрымдары кармалган. УКМК алар “Ислам жихад” тобуна мүчө жана алардын айрымдары Пакистандагы эл аралык террорчулар борборунан машыгуудан өтүп келишкен, деп маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG