Бириккен оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин Бишкек шаарындагы зым карагайларга чапталган сүрөтүнүн жана чакырыктарынын дээрлик 70-80% белгисиз бирөөлөр бир түн ичинде жыртып жок кылышкан. Талапкердин штабынан “Азаттыкка” кабарлашкандай Атамбаевдин ишенимдүү адамдары бул боюнча чара көрүүсүн өтүнүп, шаардык ИИБна кайрылышмакчы. Шаардагы зым карагайларга, эл көп жыйналуучу коомдук жайлардагы уруксат берилген жерлерге чапталган үгүт материалдары белгисиз бирөөлөр тарабынан жок кылынып жаткандыгы тууралуу нааразылыкты буга чейин талапкер Жеңишбек Назаралиев да билдирген эле.(ZKo)