Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Атбашылыктар бүгүн Бишкек-Торугарт жолун тосушат


Бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынын мүчөсү, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун Нарындагы координатору Урмат Акунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн райондун Кытай менен чектешкен аймагына жакын жерден Коргон-Таш аймагында Казыбек, Кызыл-Туу, Жаңы-Күч айылдарынын тургундары Бишкек-Торугарт жолун тосушмакчы. Алар Торугарт бажы бекети райондун ичине карай 50 чакырым жылдырылып жаткандыгына нааразы болуп, Кыргызстанга тиешелүү жерди бийлик 49 жылга Кытайга ижарага бериптир, деген кептен улам мындай иш-чарага барып жатышат, дейт Урмат Акунов.

Буга чейин Нарынга иш сапары менен барган учурунда мамлекет башчы Курманбек Бакиев Кытайга бир см. да жер ижарага берилбегендигин, Торугарт бажы бекети болсо чек арадагы аба-ырайынын катаалдыгынан улам жылдырылып жаткандыгын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG